Арсы барит кени Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 17 км түндүктө, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте. 1955-ж. “Средазцветметразведка” трести чалгындаган. Кен Арсы тектоникалык жаракасынын чегинде жайгашып, 6 кмге чейин созулат жана түндүк-чыгыш жагында бир топ майда жаракаларга тарамдалган. Руда тулкулары жарака тарамдары менен чектелип, линза жана кеңдик тарамдарды түзөт. Көп металлдуу руданын өлчөмүндө эки кварц-бириттүү рудалык тарам чалгындалган. Бул эки тарам тереңдикте бири бирине кошулат, экөөнүн жалпы калыңдыгы 17,1 м. Бариттин руда тарамдарындагы өлчөмү 10–12% түзөт. Барит майлуу боёкторду жасоого, литопан өндүрүүгө, бургулоого колдонулуучу суюктукка пайдаланууга жарамдуу. Барит рудасынын запасы С2 категориясы боюнча 1124 миң т, бариттин запасы 122,8 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү