Арсы сиенит кени Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 12 км түндүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш этегинде, Арсы сайынын сол өйүзүндө. Аймакта карбон мезгилинде пайда болгон сланец, акиташ теги, кумдук жана аларды жиреп чыккан сиенит массиви жатат. Кен массивдеги ири криссталлдуу сиениттен турат. Сиенит бозомук, көгүлтүр жана кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговой обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын кубулжуган эң кооз көрүнгөнү–анортоклаз. Ал башка минералдарга караганда чоңураак келип, порфир сымал негизги структураны түзөт. Кристаллдардын узундугу 3–30 см. Туурасы 5–10 см. Алардын тоотектеги өлчөмү 40–50%. Таштын механикалык катуулугу 90–107 МПа. Көлөмдүк массадан блок алынышы 50%. 1 м3 таштан 2 см калыңдыктагы 23–24 жылмаланган такта алынат. Алар имараттардын ички, тышкы дубалын, таманын кооздоп каптоого жарамдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү