Аруз (араб сөзү)

  • 1) жердин аты
  • 2) салмак өлчөөсү)

Түрк тилинде сүйлөгөн элдердин классикалык поэзиясында, ошондой эле араб, перси адабияттарында тараган ыр түзүлүшүнүн бир түрү. Бул системадагы ырлар кыска жана созулма үндүүлордүн кайталанышына негизделет. Аруз системасы алгач араб, кийинчерээк перси-тажик классикалык поэзиясында пайда болуп, өнүгө баштаган. Түрк тилдеринин поэзиясында да аруз ыр түзүлүшүнүн негизги системасына айланат. Аталган калктардын поэзиясында аруздун ар кыл жаңы формалары, өркүндогөн түрлөрү пайда болот. Ушундан улам араб арузу, перси арузу, түрк арузу деген терминдер тараган жана колдонулган. Байыркы түрк адабияттары, анын ичинде «Кутадгу билиг» ушул системада жазылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004

Булак түзөтүү

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine