Арфо Аветисовна Петросян (1909, Шуши –1985, Москва) – адабиятчы, фольклорчу. Бүткүл союздук журналистика институтун (1936), Кызыл профессура институтун (1938) бүтүргөн. 1983-ж. «Элдин тарыхы жана анын эпосу» деген темада доктордук диссертация жактаган. Петросяндын илимий иштери СССР элдеринин адабиятын жана фольклорун изилдөөгө арналган. Ал 1952-ж. «Манас» боючча өткөрүлгөн конференциянын уюштуруучуларын жана анын элдүүлүгүн колдоп, баяндама жасагандардын бири. Петросяндын «Манас эпосунун элдүүлүгүнүн суроосуна» (1961-ж), «Мурастар тууралуу талаш-тартыш» (1961-ж), «Совет элдеринин көркөм маданиятынын казынасы» (1973), «СССР элдеринин баатырдык эпосу» (1975), «Элдин тарыхы жана анын эпосу» деген эмгектеринин илимий-методологиялык мааниси зор. “СССР элдеринин эпостору” аттуу академиялык сериядан жарык көргөн “Манас” эпосуна баш сөз жазган. Анын аталган эмгектеринде «Манастын” элдүүлүгү, идеялык мазмуну, тарыхыйлыгы жана поэтикасы тууралуу сөз болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004.