Башбаракты ачуу
Архангельск (2005).

АрхангельскОрусыядагы шаар. Архангел облусунун административдик борбору. Түндүк Двина дарыясынын Двина булуңуна куя бериште, Ак деңизден 50 км жайгашкан. Калкы 357,7 миң (2005). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар.

ТарыхОңдоо

1584-жылы курулган. Алгач Новоголмогоры аталган. 1556-жылдан Орусыянын курамында. 1613-жылдан азыркыча аталат. Петербург негизделгенге чейин (1703) Россиядагы жалгыз деңиз, 17-18-кылымда ири соода порту болгон. 1708-жылдан Архангельск губерниясынын борбору. Архангельcк көптөгөн уюл экспедицияларынын башталгыч пункту (В. Я. Чичагов, Ф. П. Литке, А. М. Спбиряков, Г. Я. Седов экспедицияга жөнөшкөн). Архангельcкте алгачкы таш үйлөр (1647), таш конок сарайы (1668-84) сакталган. Барокко стилиндеги Троица (1745), Ыйык Екатерина лютеран (1768), классицизм стилиндеги Мартын Исповедник (1803-06) чиркөөлөрү, М. В. Ломоносовдун, Петр Iнин эстелиги, обелиск, Жеңиш монументи, Михаил Архангелдин колодон жасалган статуясы жана башка бар. Архангельск - Түндүк-Батыш Россиянын илимий, маданий жана өнөр жай борбору. 2001-жылы Архангельск илимий борбору түзүлгөн. Он ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинен 6 мамлекеттик), техникалык (1929), М. В. Ломоносов атындагы Поморск (1932-жылдан), Түндүк медициналык (1932) университеттери, өлкөдөгү байыркы окуу жайлардын бири (Деңиз окуу жайы, 1781-жылы негизделген), 49 китепкана, музейлер (край таануу, сүрөт өнөрү), театрлар, филармония, мамлекеттик камералык оркестр (1993), Түндүк орус элдик хору, цирк пштейт. Архангельск - Россиядагы тактай тилүүнүн, токой-химия өнөр жайынын ири борбору. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз комбинаттары, гидролиз заводу бар. Кеме (Соломбала кеме верфи) жана машпна куруу (Соломбала заводу), кеме ремонттоо, балык өнөр жайлары өнүккөн. Деңиз балырларынан продукт чыгарат. Кийим-кечек («Союз», «Архпромкомбинат» жана башка), бут кийим («Северянка», «Обувь быт») фабрикасы иштейт. 19-кылымдын аягынан жыгаччылык өнөр жайынын жана жыгач экспорттоонун ири борбору.

Колдонулган адабияттарОңдоо