Археология (грек тилинен archaios - байыркы, logos - илим) - адам баласынын байыркы тарыхын зат түрүндөгү булактар боюнча таанып изилдөөчү илим.

Археология- адамдардын өткөн турмушу жана оокат-тиричилигинен калган материалдык заттарды,буюм-тайымдарды изилдөөчү илим. Археология тарых илиминин эң чоң жана маанилүү тармагы.