Архипаллиум (гр. archi - улуу, эски жана лат. cortex – кыртыш) – эски кыртыш. Омурткалуулардын мээсинин алгачкы кыртышы; эволюцияда байыркы кыртыштан (палеокортекстен) кийинчерээк өөрчүйт. Сөөктүү балыктарда архикортексте жыт билдирүүчү нейрондор, ал эми амфибиялардан тартып гиппокампка айланат. Сойлоп жүрүүчүлөрдө А. татаал болуп бөлүнөт. Татаал түзүлүштөгү сүт эмүүчүлөрдө А. толугу менен кыртыш алдыңкы ядрочолордон бөлүнөт. Көпчүлүк учурда А. жана палеокортекстин функциясы бирдей каралат, ошондуктан алар архипалеокортекс деп аталат. Бир катар окумуштуулар аны мээнин лимбикалык системасына киргизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү