Архитектоника (грек. akchitek-tonike – курулуш көркөм искусствосу) – көркөм сүрөт искусствосунда – негизги предметтик – маанилик композиция элементтери менен тыгыз байланышкан композициянын структуралык элементтеринин жыйындысы. Предметтик композициянын таасирдүүлүгү менен дааналыгын күчөтүү аркылуу анын идеялык – образдык мазмунунун ачык-айкындуулугуна шарт түзүү А-нын негизги милдетине кирет. Бардык архитектоникалык каражаттар жана ыкмалар композициянын предметтик-маанилик элементтери менен тыгыз байланышта болгондо гана жемиштүү ишке ашат. Алар өз алдынчалык мааниге ээ болоору менен зыяндуу жана жалган нерсеге айланышат. «Таза А.» (формализм менен бирге пайда болгон) – композициялык формалардын алардын конкреттүү маанисинен күчкө салынып, бурмаланган ажыроосунун натыйжасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү