Архитектуралык акустика

Архитектуралык акустика (бөлмөнүн акустикасы) – үн толкундарынын үйдүн ичиндеги таралышын, анын беттеринен чагылышын жана жутулушун, чагылган толкундардын сөзгө жана музыкага таасир этишин үйрөтүүчү акустиканын бөлүмү.

Изилдөөнүн максаты-угууга жакшы шарттары бар залдарды (концерттик, театр, лекциялык радиостудия) долбоорлоо ыкмаларын иштеп чыгуу. Жабык бөлмөдө үн толкундары дубалга, шыптарга тийип кайта чагылат. Ошондуктан угуучуга түз келүүчү үн толкуну менен бир канча жолу чагылган жана өчүүчү, кечигүүчү үн толкундарынын кошулуштарынан турат. Негизги үн жоголгондон кийин чагылган толкундардын таасири астында үндүн акырындап өчүү процесси реверберация деп аталат. Үндүн өчүү убактысы (реверберация убактысы) - үндүн акустикалык сапатынын негизги белгиси болот. Реверберация убактысы чоң болсо, айтылган сөздөр жана музыка ачыктыгын жоготот. Туура эмес салынган залдын ар кайсы жерлеринде уккулуктуулук бирдей болбойт. Бөлмөнүн акустикалык касиеттери анын архитектурасы – өлчөмдөрү, формасы, чагылдыруучу беттердин жайланыштары, алардын бетиндеги жутуучулуктары менен аныкталат. Залдын формасы угуучулардын отургуч аянтына үн энергиясы тегиз бөлүштүрүлгөндөй, ал эми чагылдыруучу беттер чагылган нурдун концентрацияланышына алып келбегидей кылып долбоорлонот. Орточо өлчөмдөгү зал үчүн залдын узундугунун анын туурасына болгон катышы жана туурасынын анын бийиктигине болгон катышы 2ден ашпашы керек. Ушундай көлөмдөгү залдын бетинин түзүлүшүн жана үн жутуучу материалдарды тандоо менен оптималдуу реверберация убактысын тандап алса болот. Электр-акустикалык күчөткүч системалары (ревербератор) менен бөлмөнүн ичиндеги угууну жакшыртууга болот. Архитектуралык акустикада геометриялык акустика жана толкундук теориянын ыкмалары колдонулат. Кийинки кезде залдардын моделдерин жасоо жана изилдөө экономикалык жактан натыйжа берүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү