Архонт (грекче archon - башкаруучу, бийлөөчү) — байыркы грек полистериндеги жогорку бийлик кызматын ээлеген адам. Айрым уламыштар боюнча биздин заманга чейинки 11-кылымда Афиныда падышалык бийлик жоюлуп, анын ордуна падышалык кодриддер уруусунан чыккан өкүлдөр өмүр бою архонт болуп дайындалышкан. Биздин заманга чейинки 8-кылымдан анын мөөнөтү 10 жыл, ал эми 7-кылымдан 1 жыл менен чектелген. 1-архонт эпоним (аткаруу бийлигинин башчысы), 2- архонт басилей, 3- архонт полемарх (аскер башчысы) деп аталган. Биздин заманга чейинки 7-кылымдын ортосунда дагы 6 архонттук кызмат киргизилип (сот бийлигин жүргүзгөн фесмофеттер), мамлекетти 9 адамдан турган архонттор коллегиясы башкарып калган. Биздин заманга чейинки 5-кылымдан архонттор коллегиясы маанисин жоготкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү