Арчалуу демантоид (гранат) кени

Арчалуу демантоид (гранат) кени Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Арчалуу суусунун боюнда. 1982-ж. табылган. Кен Арчалуу гипербазит массивинин серпентиниттүү талкаланган зонасында жайгашкан. Зонанын ичинде демантоид щётка жана друза түрүндө кездешет. Жекече кристаллдардын өлчөмү 3 ммге чейин жетет. Демантоиддин өңү ачык жашыл, алмаздай жалтырайт. Тоотектеги гранаттын өлчөмү 15–25тен 120–150 г/тга жетет. Тунук ачык жашыл түстөгү кристаллдарынын өлчөмү 0,5 г/т ны түзөт. Кондициялык демантоиддин болжол ресурсу № 6 карьер өткөн участкадагы 5 м тереңдикке чейин 1440 каратты түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1