Арыктоо - организмде зат алмашуунун бузулушунан пайда болгон патологиялык абал. Арыктоо организмдин ашыкча иштешинен, сапатсыз же жетишсиз тамактануусунан жана ар кандай оорунун кесепетинен болот. Адамдын организминде зат алмашуунун натыйжасында көп энергия пайда болуп, анын бир бөлүгү тиричилик үчүн пайдаланылса, калган бөлүгү запаска сакталат. Бул запас энергия АТФ (аденозинтрифосфат) түрүндө болот. Организмде АТФнын запасы өз убагында толукталбай, азайып кетишинен органдардын кызматы начарлап, адам арыктайт. Дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт.

ÓАрыктоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1