Ар-намыс — адамдын эл жана коом алдында өз кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип, ойлогону менен кылганын адамгерчилик абийири менен баалай билишин туюндурган коомдук-этикалык категория. Бул абийир, уят деген түшүнүктөргө маанилеш.

Ар-намыс — адамдын жүрүштурушун, турпатын баалай турган өтө маанилүү моралдык касиет, адеп фактору. Моралдык ченемдер менен эрежелерди, коомдук парызды аткаруу ар-намыска байланыштуу. Коомдук максат менен мүдөө ― ар-намыстын негизи. Керт баштын мүдөөсүн коомдук мүдөөгө баш ийдирип, коомдук мүдөөнү жогору коё билүү ар-намыстуулуктун эң мыкты көрүнүшү болот. Кимдин ар-намысы кандай экенин эл баалайт. Адамдын адамдык сапаты ар-намыстын тазалыгынан көрүнөт.

Булактар түзөтүү