Асаналиев Алмаз Жыгаччы. 1947-ж. Сокулук районундагы Шалта айылында төрөлгөн.

Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүп Тоң районундагы Кажы-Сай шаарчасындагы музыкалык мектепте комуздан сабак берет. Алмаз өрүктөн комуз чабат. Бүрү түшүп, саргая баштаган өрүктү кыят да эки башын боёп, жел киргизбей, кабыгын аарчыбай көлөкөгө коёт. Бир жарым-эки жылда өрүк талаптагыдай кургайт. Анан ыңгайына карай тилип, комуз түспөлүн берет. Мында абалы арткы чарасына, анан кырбуусуна, андан соң моюнуна, капкагына назар таштайт. Капкакка ал Жети-Өгүздүн карагайын тандайт. Чеберде комуздун бөлүктөрүнө ылайыкташкан калыптары бар. Ага коюп жыгачты сууга чыласа эки кырбуусу ийилип даяр болот. Шашылыш жасалса мешке коёт же кайнатып күнгө коюп какшытат. Бөлүктөр кыстыргыч аркылуу бири бирине аштала кыналат. Алмаз комуз кылы үчүн жилканы пайдаланат. Комуз уста жана комузчунун Серкебаев Акылбек, Абиева Күлмира, Жанкорозова Нурия, Орозалиев Рыскул, Махмуткеева Анара өңдүү ишенимдүү шакирттери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0