Асанбаев Мамбет (1939, Сокулук району, Жал айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1987). Эмгек жолун 1963-ж. Ташкендеги А.Н.Островский атындагы театрдык институтту бүтүргөндөн кийин Кыргыз драма театрында иштөө менен баштаган. Ал көптөгөн драмалардан оң жана терс каармандардын ролдорун ойногон жана бир нече кинофильмге тартылган. Ж. Садыковдун үчилтик драмасында Нескаранын («Айкөл Манас», 1990), Кыргылчалдын («Манастын уулу Семетей»; 1982), Чалдын («Сейтек»; 1987) образын түзгөн.

Аткарган негизги ролдору:

  • Масадык («Абийир кечирбейт», Т. Абдумомунов),
  • Эдмунд («Король Лир», У.Шекспир),
  • Аман («Каркыралар кайтканда», Т. Абдумомунов),
  • Александр («Үй-бүлө», И. Попов),
  • Турар («Алтын аяк», Б. Жакиев),
  • Ромео («Ромео жана Джульетта», У. Шекспир),
  • Дубана («Ак боз ат», Ш. Садыбакасов),
  • Дзержинский («Кремль куранттары», Н. Погодин),
  • Синтаро («Аялдын өмүрү», М. Каору),
  • Айылчиев («Тагдырдын өгөй балдары», Б. Өмүралиев),
  • Кыргылчал («Манастын уулу Семетей», Ж. Садыков),
  • Осмонбек болуш («Токтогул», Т. Касымбеков) ж. б.

Советтик режиссёр А. С. Бергункердин «Жоро» аттуу кинотасмасында Жоронун ролун аткарган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1