Асанбеков Төлөнбай (1925, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Коңорчок кыштагы - 1998, ошол эле жерде) - малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1945-жылдан Акталаа районундагы Ленин атындагы колхоздо жылкы ферма башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген ферма жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1947-ж. фермадагы 84 бээден 84 кулун алып, аны чыгашасыз асыраган. Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.