Жамантай Асанов

Асанов Жамантай‎»‎ барагынан багытталды)

Асанов Жамантай (1918-жылы азыркы Өзгөн району, Кыш-Булак кыштагы.) — дыйкан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1936-жылдан Өзгөн районундагы Эркин-Тоо kолхозунда колхозчу, 1945—53-жылдары талаачылык бригадасында звено башчы. Ал жетектеген звено дан эгиндерин өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1948-жылы 30,3 га буудай аянтынын ар гектарынан 23,1 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. 1976-жылдан союздук маанидеги персоналдык пенсияда.

Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.