Асан-Үсөн (Карасуу), мөңгү

Асан-Үсөн (Карасуу) мөңгүсүТүркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 7 км, аянты 6,5 км2. Каравшин суусунун (Исфара суусунун куймасы) алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3040 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3800 м, абляция облусунун аянты 5,0 км2, анын 3,9 км2 морена менен капталган. Куралуу облусу кенен, «тили» кууш. Мөңгүдөн башталган Карасуу Ак-сууга кошулуп, Каравшин суусун (Исфаранын оң курамы) түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1