Асбестос кени, Жеффри - Канададагы ири асбест кени. Квебек провинциясында. 1881-жылдан жер үстүнөн ачылып, 1890-жылдан ачык казып алынат. Хризотил-асбесттин чалгындалган запасы 5 млн одан ашык. Аппалачи тоолорунун түндүк-чыгыш тармактарында, серпентиндүү алкактын түштүк-чыгыш учунда жайгашкан. Кен гидротермдик апоультрамафит тибине кирет. Кен хризотил-асбестин тарамчалары бар серпентиндешкен перидотит интрузиясы түрүндө жатат. Тарамчалардын калыңдыгы 10-100 мм, узундугу бир нече мге жетет. 3-7 сорту өндүрүлүп, анын 90% асбест-цемент өнөр жайында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1