Асель Сартбаева – Борбор Азиядан чыккан дүйнөгө кеңири таанылган алгачкы аял окумуштуулардын бири; химия илимдеринин доктору, Бата университетинин химия профессору[1], Улуу Британиянын Падышалык илимий коомунун мүчөсү, химиялык биотехнология жаатындагы IChemE GlobalAwards 2017 сыйлыгынын ээси[2], ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси, Every woman in technology awards (2021) сыйлыгын тапшырган британиялык FDM корпорациясынын версиясы боюнча Жылдын аялы болуп табылган[3].

Өмүр баяны түзөтүү

Асель Сартбаева 1979-жылы Кыргызстандын борборунда төрөлгөн. “Апис” жеке мектебинин бүтүрүүчүсү (Бишкек шаары). Ал так илимдерге дайыма кызыгып келген. Асель алгачкы жогорку билимди Кыргыз-Орус (Славян) университетинде Табигый техникалык факультетинин механика кафедрасында алган. Студент кезинде олимпиадаларга жигердүү катышып, “сопромат (материалдардын каршылыгы), инженердик дисциплина” боюнча республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон[4]. Ал ошондой эле Алматыдагы (Казакстан) Британ кеңешинин кеңсесинде ыктыярчы болуп иштеген[5].

Улуу Британияда ал “Кремний структураларындагы иондук диффузия” деген темада илимий даражага ээ болуп, профессорлордун биринин мурунку изилдөөсүн моделдештирүүдөгү катасын өзүнүн экспериментинде көрсөтүп берген.

Асель - Улуу Британиянын Падышалык илимий коомуна мүчө болгон кыргызстандык жалгыз окумуштуу аял. Бул – дүйнөдөгү абройлуу жана эң байыркы илимий коом, анын мүчөлөрү Исаак Ньютон, Стивен Хокинг жана башкалар болгон.

Билими[6] түзөтүү

1994-1999-жылдары – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети (магистр даражасы, Master of science);

2001-2002-жылдар – Кембридж университети, Жер жөнүндө илимдер факультети. Минералдык физика илимдеринин магистри;

2002-2004-жылдар – Кембридж университети, Жер жөнүндө илимдер факультети. Минералдык физика илимдеринин кандидаты;

2010-жыл – Оксфорд университети, Линакр колледжи, магистр даражасы;

2019-жыл – Жогорку билим берүү академиясынын FHEA (стипендианты), Йорк, Улуу Британия.

Эмгек жолу[7] түзөтүү

2012-жылдан азыркыга чейин: Бата университетинин химия боюнча илимий кызматкери, Улуу Британия;

2005 – 2007-ж.ж.: Аризона мамлекеттик университетинин Физика кафедрасынын Пост-докторанты, Америка Кошмо Штаттары;

2007-жылы – Сэмюэл жана Вайолет Гласстоун стипендиаты, Оксфорд университети, Улуу Британия;

2010-жылы – Падышалык коом университетинин изилдөө стипендиясы ыйгарылган;

2012-жылы – Изилдөө тобун түзүү. Учурда курамына бир нече аспиранттар жана магистранттар, ошондой эле докторлук даражасы бар 1 илимий кызматкер кирген жигердүү топ. Алар химия илимдеринин кандидаты Асель Сартбаева менен функционалдык материалдарга байланыштуу бир долбоордун үстүндө иштеп жатышат.

Илимге кошкон салымы түзөтүү

Асель Сартбаева вакциналарды муздаткычсыз сактоонун жана ташуунун инновациялык ыкмасын иштеп чыккан – кремний менен жабуунун жардамы аркылуу энсиликациялоону иштеп чыкты. Ушундайча корголгон вакциналар 100 градуска чейин ысытылганда же 3 жылга чейин сакталганда бузулбайт. Бул технологияны ишке киргизүү вакциналарды сактоого жана ташууга кеткен чыгымдарды алда канча төмөндөтүүгө жардам берет.

Кесибине берилген баа түзөтүү

  • Innovate UK (2016) атынан “Biggest Game Changing Technology” сыйлыгы[8].
  • Асель Сартбаева жетектеген британиялык окумуштуулар тобунун биотехнология жаатындагы илимий ачылышы үчүн химиялык биотехнология боюнча IChemE Global Awards 2017 сыйлыгы[9].
  • Wise World Award 2017  сыйлыгы[10].
  • К.Хансон атындагы медалдын ээси, бул медалды Эл аралык экстракциялык химия жана технология комитети ыйгарат (2019)[11].
  • Every woman in technology awards (2021) сыйлыгын тапшырган британиялык FDM корпорациясынын версиясы боюнча Жылдын аялы болуп табылган [12].
  • ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси [13].

Үй-бүлөсү түзөтүү

Апасы – тарыхчы, атасы – дизайнер, агасы да бар.

Stephen Wells аттуу окумуштуу физикке турмушка чыккан. Никеде эки кыз төрөлгөн (улуу кызы Милинда, кичүүсү – Эвелин).

Шилтемелер түзөтүү

  1. Улуу Британиянын Сомерсет графтыгындагы Батада орун алган мамлекеттик изилдөө университети – https://www.bath.ac.uk/
  2. https://www.icheme.org/career/events/awards/gallery/global-awards-2017/
  3. https://www.currenttime.tv/a/31139656.html
  4. https://kg.sputniknews.ru/20180902/kyrgyzstan-asel-sartbaeva-intervyu-obrazovanie-nauka-vakcina-izobretenie-1040904888.html
  5. https://limon.kg/ru/news:72695
  6. https://people.bath.ac.uk/as2413/AboutAsel.html
  7. https://people.bath.ac.uk/as2413/AboutAsel.html
  8. https://limon.kg/ru/news:72695
  9. https://www.icheme.org/career/events/awards/gallery/global-awards-2017/(жеткиликсиз шилтеме)
  10. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2022. Түп булактан архивделген күнү 2 -март (жалган куран) 2022.
  11. https://limon.kg/ru/news:72695
  12. https://www.currenttime.tv/a/31139656.html
  13. https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/Пресс-релизы/известная-британская-ученая-из-кыргызстана-асель-сартбаева-стала-послом-программы