Асел Ногойбаева
Бул макаланын аталышын өзгөртүү сунушталып жатат . Өзгөртүүнүн себептери жана талкуулар — Википедия:Аталышын өзгөртүү#Асел Ногойбаеванын соттук иши.
Макаланын учурдагы аталышы, мүмкүн кыргыз тилине же анын ченемдерине туура келбейт Википедиядагы макалалардын аталыш эрежелери. Бул калыпты талкуу бүтмөйүнчө же аталышы өзгөрүлмөйүнчө албай туруңуз. Сунушталган аталышына өзгөртүү, бул калыпты алып салуу. |
Асел Ногойбаева - мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеген Асел Ногойбаева 2023-жылы зордук-зомбулукка каршы күрөштүн символуна айланган. Социалдык тармактарда зомбулукту токтотууга чакырган "Мен Аселмин" деген хэштег менен флешмоб, акциялар, иш-чаралар өткөрүлгөн.[1]
Каргашалуу окуя
түзөтүү20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап,кулак-мурдун кескилеп салган, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон[2]. 8 сааттык операцияны баштан кечирген Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып үйүнө чыгарылган. Дарыгерлер ага дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтышкан.[3]
Тергөө
түзөтүүСокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 2023 жылы “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.Мындай чечимге каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, 27-сентябрда чукул каралып, пробациялык жаза сегиз жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган.
Судья Токтомаматов президенттин жарлыгы менен 1-ноябрда кызматтан алынган.
Башкы прокуратура Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Прокуратура апелляциялык арызды кароо мөөнөтү создукканын жүйө келтирген[4].
Соттун чечими
түзөтүү26-январда Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга кесип, 80 миң сом айып салып, жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
Эстебесов Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу" - бир нече жолу ушул эле берененин негизинде кылмышы кайталанганы үчүн), 194-берененин 2-бөлүгү ("Турак жайдын кол тийбестигин бузуу" - күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун), 130-берененин 2- жана 3-бөлүгү, ("Ден соолукка оор залал келтирүү" ), 137-берене ("Кыйноолор"), 154-берененин 2-бөлүгү ("Зордуктоо"), 122-берененин 2-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") менен күнөлүү деп табылган [5].
8-апрелде Чүй облустук соту мурдагы аялы Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөткөнү үчүн 20 жылга соттолгон Азамат Эстебесовдун ишин карап, чечим чыгарды.
Сокулук райондук прокуратурасы райондук соттун чечими менен Эстебесовго кылмыш ишиндеги бир эпизод боюнча жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жаза каралбай калганына макул болбой, облустук сотко арыз менен кайрылган.
Облустук сот Эстебесовго чегерилген катуу тартиптеги абакта 20 жыл жаза өтөө чечимин күчүндө калды. Ал эми прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылып, Эстебесовду Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу") боюнча бардык эпизоддо күнөөлүү деп таап, жалпы салынган айыпты 120 миң сом деп аныктады[6].
Коомдук реакция
түзөтүүАсел Ногойбаеваны колдоо үчүн активисттер "Мен Аселмин" деген үй-бүлөлүк зомбулукка каршы флешмоб өткөрүшкөн[7]. Коомдук фонддор жана жаштар демилгелери Асел Ногойбаевага акча чогултуу максатында кайрымдуулук акцияларын өткөрүшкөн.[8]Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында Асел Ногойбаеванын окуясы өзүнчө талкууланган.[9]
Гүлзада Рыскулова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга колдоо көрсөткөн ырын тартуулады. "Асел Ногойбаеваны жана зомбулуктан жапа чеккен, турмуштук оор кырдаалга туш болгон бардык мекендештерди колдогум келет. Мен аларга айткым келет: "Биз силерге ишенебиз! Силер жалгыз эмессиңер!",[10]– деген Гүлзада Рыскулова.
Укук коргоочулар коомдо талкуу жараткан Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып,токтотуу талабын коюшкан.[11]
Биринчи айым Айгүл Жапарова Асел Ногойбаеванын абалын сурап барган. Бул туурасында президенттин жубайы соцтармактагы баракчасына жазган[12].
Асел Ногойбаеванын эжеси Диана Елькен Инстаграмда help.asel.rezerv баракчасын ачып, "Мурдагы аялынын кулагын жана мурдун кескен мыкачы өмүр бою эркинен ажыратылсын” деген петицияга кол топтой баштаган.[13]
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган. Укук коргоочулар быйыл бул рейтингге Асел Ногойбаеванын окуясы да таасир эткенин белгилешкен.[14]
Үй - бүлөсү
түзөтүүАсел Ногойбаева 15 жана 10 жаштагы эки баланын энеси.[15]
Аселдин пландары
түзөтүүАселдин окуясынан кийин ондогон келиндер өздөрү кабылган зордук-зомбулук тууралуу жазышкан.«Жети аймактан аялдар жазып жатышты. Менин зомбулук көргөн аялдарга жардам берген фонд ачам деген тилегим бар. Өзүң кордук көргөндөн кийин, башкаларга жардам бербей коё албайт экенсиң", - деген Асел Ногойбаева
2024-жылдын 8-мартында Бишкекте Асел Ногойбаева гендердик укук үчүн жөө жүрүштүн катышуучуларына сөз сүйлөдү.
"Мен жалгыз эмесмин. Менин окуям Кыргызстан боюнча тагдыры талкаланган жүз миңдеген аялдардын окуясы. Зордук-зомбулукка күнөөлүүлөрдүн баары жазага тартылмайынча, бул эч качан бүтпөйт, зомбулук улана берет. «Бир эле жолу урду» же «балдар үчүн» деп чыдап журбөш керек, өзүңөрдүн укугуңарды, өмүрүңөрдү, ден соолугуңарды коргогула, зордук-зомбулукту чыдап журө бербегиле, андайга макул болбогула», - деп айтты Асел[16].
Булактар
түзөтүү- ↑ Айгерим Акылбекова. Асел Ногойбаева: “20дай арыз жазылып, мени эч ким уккан эмес”. Азаттык, 26-Декабрь, 2023.https://www.azattyk.org/a/32746445.html
- ↑ ИИМге үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат түштү. Азаттык, 13-Декабрь, 2023 https://www.azattyk.org/a/32728513.html
- ↑ Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел азыркы абалы тууралуу жазды. Азаттык. 10-Ноябрь, 2023https://www.azattyk.org/a/32679272.html
- ↑ Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Аселдин иши боюнча тергөө аяктаганы айтылды. Азаттык, 19-Декабрь, 2023. https://www.azattyk.org/a/32736692.html
- ↑ Кундуз Кызылжарова. Мурдагы аялын кескилеген Эстебесов 20 жылга соттолду. Азаттык, https://www.azattyk.org/a/32793062.html
- ↑ Чүй облустук соту Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 20 жылга кесип, 120 миң сом айып салды. Азаттык, 8-апрель, 2024 https://www.azattyk.org/a/32895944.html
- ↑ Наталья Шестакова. В Кыргызстане запустили флешмоб в поддержку Асель, которой отрезали нос и уши. kaktus.media, 24 октября 2023 https://kaktus.media/doc/489481_v_kyrgyzstane_zapystili_fleshmob_v_podderjky_asel_kotoroy_otrezali_nos_i_yshi_video.html
- ↑ "Нужна политическая воля". В Бишкеке прошло мероприятие по сбору средств для Асель. kaktus.media, 29 октября 2023 https://oper.kaktus.media/doc/489771_nyjna_politicheskaia_volia._v_bishkeke_proshlo_meropriiatie_po_sbory_sredstv_dlia_asel.html
- ↑ Адам укугу боюнча координациялык кеңеш Аселдин окуясын талкуулады. Азаттык, 4-Октябрь, 2023 https://www.azattyk.org/a/32622481.html
- ↑ Гүлзада Рыскулова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга колдоо көрсөткөн ырын тартуулады. kaktus.kg, 24-октябрь 2023 https://kaktus.media/doc/489520_gylzada_ryskylova_prezentovala_pesnu_v_podderjky_jenshin_postradavshih_ot_semeynogo_nasiliia.html
- ↑ Зомбулуктун азабы: ондогон аял көз жумду. ВВС Кыргыз кызматы, 1-январь 2024. https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/ckv4j145gn8o
- ↑ Айгүл Жапарова кулак-мурду кескиленген Аселден кабар алды. Reporter.kg, 7.11.2023 https://reporter.kg/ajgyl-zhaparova-kulak-murdu-keskilengen-aselden-kabar-aldy/
- ↑ Резал нос и уши на глазах у сына. Сестра жертвы рассказала жуткие подробности. 24kg, 21 сентября 2023.https://24.kg/proisshestvija/275658_rezal_nos_iushi_naglazah_usyina_sestra_jertvyi_rasskazala_jutkie_podrobnosti_/
- ↑ Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел азыркы абалы тууралуу жазды. Азаттык, 10-Ноябрь, 2023.https://www.azattyk.org/a/32679272.html
- ↑ Резал нос и уши на глазах у сына. Сестра жертвы рассказала жуткие подробности. 24.kg, 21 сентября. https://24.kg/proisshestvija/275658_rezal_nos_iushi_naglazah_usyina_sestra_jertvyi_rasskazala_jutkie_podrobnosti_/
- ↑ Асель Ногойбаева выступила перед участниками марша за гендерные права. 8 марта 2024 https://oper.kaktus.media/doc/497151_asel_nogoybaeva_vystypila_pered_ychastnikami_marsha_za_gendernye_prava_video.html