Асинхрондуу электр кыймылдаткыч

Асинхрондуу электр кыймылдаткыч - электр энергиясын механикалык энергияга айландыруучу асинхрондуу электр машинасы. Иштөө принциби - айланып жаткан магнит талаасы менен анын таасири астында жаралган ротордогу токтун ортосундагы электр-магниттик өз ара аракеттешүүгө негизделген. Статордун орому боюнча үч фазалуу ток өткөндө пайда болгон айлануучу магнит талаасы ротордун орому аркылуу өтүп, анда ток пайда кылат. Индукцияланган ток менен статордун магнит талааларынын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында ротор магнит талаасын ээрчип айлана баштайт да, ал талаага салыштырганда айлануу саны аз болот. Асинхрондуу электр кыймылдаткычын электр тармагына туташтыруу үчүн анын статорунун орому жылдызча же үч бурчтук түрүндө бириктирилет. Роторунун түзүлүшү боюнча асинхрондуу электр кыймылдаткыч чукул туюкталган жана фаза роторлуу болуп бөлүнөт. Үч фазалуу асинхрондуу электр кыймылдаткычтан башка да бир фазалуу кыймылдаткыч бар. Башка кыймылдаткычтарга салыштырганда асинхрондуу электр кыймылдаткычтын пайдалуу аракет коэффициенти жогору болот да, өнөр жай тармактарында, үй-тиричилик техникасында кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1