Аскания кою - уяң жүндүү меринос кой породасы. Меринос койлорун Американын рамбулье кочкорлору менен аргындаштырып, улам тандоо жүргүзүү аркылуу, «Аскания-Нова» коругунда чыгарылган (1925 - 34). Ал жүндүү, тез жетилет. Денеси чың, чымыр, эттүүлүгү жана жүндүүлүгү менен айырмаланат. Кочкорунун салмагы 110-140 кг (180 кгга чейин), соолугу 60-70 кг. Кочкорунан 10-12 кг, соолугунан 5,5-6 кг жүн кыркылат. Айрымдары 30,6 кгга чейин жүн берип, дүйнөдө 1-орунда турат. Жүнүнүн ичкелиги 64-сапатта, узундугу 7-8 см. Кургакчыл шартка көнүккөн. Аскания койлору уяң жүндүү койлордун жүндүүлүк жана эттүүлүк касиетин жакшыртууда асыл тукум катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1