Аскаридиоз (канаттуулардын)

Аскаридиоз (канаттуулардын) — тоок, күрп, көгүчкөндөрдүн инвазиялуу ылаңы (нематодоздор тобундагы гельминтоздор). Митеси ичегиде жашайт, көбүнчө балапандар ылаңдайт. Ургаачы аскариданын узундугу 70—120 мм, эркегиники 26—70 мм. Ургаачысы уруктангандан кийин тооктун ичегисине жумурткасын таштайт. Жумуртка тооктун кыгы менен сыртка чыгып, 10—18 күндөн кийин личинка пайда болот да, инвазиялуу болуп калат. Жумуртка жем, суу менен тооктун ичине кирип, андан личинка чыгат да, ичегинин былжыр челине өтүп, 17— 18 күндөн кийин чоң гельминтке айланат. Ылаңдуу балапан арыктап, алы кетет, жакшы чоңойбойт. Дарылоодо пиперазин сульфаты, фенотиазин колдонулат. Хлорофос 50—80 мг/кг, гигромицин-Б кошуп берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1