Аскердик-врачтык комиссия

Аскердик-врачтык комиссия - куралдуу күчтөрдүн катарына дене түзүлүшү жана акыл-эси жагынын толук жарамдуу адамдарды тандоочу, алардын ден-соолугуна көз салуучу аскердик медицинанын бир бөлүгү. Ал аскерге милдеттүүлөрдү, аскер кызматындагыларды медициналык жактан текшерип, аскердик бөлүктөргө бөлүүгө катышуу, дарылоо мекемелеринде жаткандардын саламаттыгын текшерип, жараксыздарды бошотуп, жарактуулардын ден-соолугуна кам көрүү иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда Аскердик-врачтык комиссия ар бир райондо, шаарда, облустун борборлорунда аскер комиссариатынын карамагында уюштурулган. Алар КРнын Коргоо министрлигинин аскердик-медициналык башкармалыгына баш иет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1