Аскердик-мекенчилдик тарбия

Аскердик-мекенчилдик тарбия ― Ата Мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата Мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык сапаттарга ээ жана дене-бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо аскердик-мекенчилдик тарбиянын негизги милдетине кирет. Аскердик-мекенчилдик тарбияны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, жарандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор жана башкалар жүргүзүшөт. Аскердик-мекенчилдик тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1