Аскердик же атайын наамдан ажыратуу

Аскердик же атайын наамдан ажыратуу - наамы бар күнөөлүү адамга сот тарабынан колдоно турган кошумча жазалардын бири. Жогоруда көрсөтүлгөн жаза сот тарабынан төмөндөгү учурларда колдонулат: 1) атайын же аскердик наамы бар күнөөлүү адамга айыптоо өкүмүн чыгарып жатканда; 2) күнөөлүү адамдын жасаган кылмышы оор же өзгөчө оор кылмыш жиктерине кирсе (классифакация). Сот бул наамдар министрликтердин буйругу же КРнын Президентинин Жарлыгы менен берилгенине карабастан, алардан ажыратууга укуктуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1