Аскердик коллегия - Куралдуу Күчтөрдүн түзүлүшүнө, алардын күжүрмөн жана мобилизациялык даяр туруусуна, аскер кадрларынын күжүрмөн даярдыгына, аларды тандоого жана тарбиялоого байланышкан жана башка маанилүү маселелер боюнча чечимдерди чыгаруучу жана талкуулоочу Коргоо министрлигинин кеңеш берүүчү органы. Коргоо министринин жана министрликтин жетектөөчү кызматкерлеринин (коргоо министринин орунбасарлары) курамында түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү, кызмат орду боюнча анын курамына киргендерден башкасы КРнын Президенти тарабынан коргоо министринин сунушу боюнча бекитилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1