Аскердик наамдар - аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн кызматтык абалына, аскердик же атайын даярдыгына, иштеген жылына, куралдуу күчтөрдүн кайсы түрүнө таандыгына, аскерлердин түрүнө ылайык ар бирине жекече берилет. Аскердик наамдар - өздүк курамдын аскердик кызматты өтөөсүн, кадрларды жайгаштыруунун, алардын туруктуу кызматтык-укуктук абалын туура уюштуруунун маанилүү шарты. Алар аскер кызматкерлер арасындагы өз ара мамиледе улуулукту, аскер кызматынын мөөнөтүн жана запастагы абалын аныктайт; материалдык жана акча менен камсыз кылууга, мамлекеттик камсыздоого, аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон жеңилдик укугун аныктоодо олуттуу мааниге ээ. КРнын куралдуу күчтөрүндөгү аскердик наамдардын тизмеси Ички кызмат уставында келтирилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1