Аскер бөлүгү - куралдуу күчтөрдүн бардык аскер түрлөрүндөгү өз алдынча күжүрмөн, администртивдик чарбалык бирдик (полк, 1-, 2- ж-а 3-рангадагы кеме, батальон, дивизион, эскадрилья, рота). Аскер бөлүгү өзүнүн башкаруу органынан, күжүрмөн, атайын жана тылдык бөлүкчөлөрдөн турат. Анын туруктуу аты (мисалы, 3-танкалык полк) же шарттуу аталышы (мисалы, 5555 аскер бөлүгү), номери, туусу болот. Тынчтык күндөрүндө аскердик бөлүк - жеке курамындагыларга күжүрмөн тапшырмаларды берүүгө, теориялык окууларды өткөрүүгө ылайыкталган тактикалык жана өз алдынча уюмдашкан аскерлердин бир тобу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1