Аскер прокуратурасыКР Прокуратурасынын түзүмдүк бөлүмчөсү, мыйзам актыларынын республиканын аймагында жайгашкан аскер башкармалыгынын органдары, аскер бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик окуу жайлары, мекемелери жана башка аскер түзүлүштөрү тарабынан так жана бирдей аткарылышын көзөмөлгө алат. Аскер прокуратурасы кылмыш-жаза ишин иликтөөнү ишке ашырат жана ишти соттук териштирүүгө катышат. Аскер прокуратурасынын ишмердигине КР Аскер прокурору аркылуу КР Башкы прокурору жетекчилик кылат.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1