Аскер сотторуаскер кызматкерлеринин укуктук корголушун, аскер кызматчысынын статусуна ээ жарандардын, ошондой эле аскер кызматчыларынын, аскердик башкаруу органдарынын, аскердик кызматкерлердин аракеттеринен (аракетсиздигинен) жана алар кабыл алган чечимдердин натыйжасында бузулган же талашка түшкөн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча жарандык иштерди кароочу мамлекеттик орган. Аскер соттору аскер кызматчылары, ошондой эле аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыш иштерин да карайт. Аскер соттору КРнын аскер сотунан жана гарнизондордун аскер сотунан турат. Гарнизондордун аскер соттору биринчи инстанциядагы соттор, КРнын аскер соту - экинчи инстанциядагы сот болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1