Асман нерселеринин (телолорунун) орбитасы

Асман нерселеринин (телолорунун) орбитасы - космос мейкиндигиндеги Күн, жылдыз, планета, астероиддер, комета, Жердин жасалма жандоочулары жана башкалардын кыймыл жолу (траекториясы). Асман нерселеринин (телолорунун) орбитасынын формасы айлана, эллипс, парабола же гипербола түрүндө болот. Башка нерселердин дүүлүктүрүүчү гравитациялык орбитасынын аракетинен нерсенин сфера түрүндө эместигинен, чөйрөнүн каршылыгынан Асман нерселеринин (телолорунун) орбитасы татаал формага ээ болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1