Асман сферасы - бетине бардык жарык чыгаруучулардын абалы проекцияланып, борбору байкоо чекитинде болгон каалагандай радиустагы ойдон алынган сфера. Ал астрономияда космос объектилеринин асман сферасындагы координаталарын аныктоонун негизинде алардын кыймылын жана өз ара жайгашуусун изилдөө үчүн колдонулат. Асман сферасынын суткалык айланышына байланыштуу асман жарык чыгаруучулары мейкиндикте экваторго жарыш суткалык параллель деп аталуучу айланаларды сызат. Суткалык параллелдердин горизонтко жайгашышына жараша жарык чыгаруучулар батпоочу жана батуучу, чыкпоочу жана чыгуучу болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1