АсоЯпониядагы эң ири аракеттеги жанар тоо; Кюсю аралынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Бийиктиги 1592 м. Ири кальдерасында (25x18 км) ондон ашык жанар тоо конусу бар. Атылуусу стромболи тибине кирет. 553-жылдан атылгандыгы аныкталган. 2004-жылы андан күл жана газ бүркүлүп чыккан. Кальдерасында калктуу пункттар, айыл чарба жерлери бар. Жанартоонун чегинде Япониядагы эң ири ысык булактар бар. Туризм өнүккөн; Асо улуттук паркы уюшулган.

Асо (2006).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1

Калып:Volcano-stub Калып:Geology-stub Калып:Mountain-stub Калып:Hydrology-stub