Аспарех, Исперих, Есперих, Испор (болжол менен 644-701) - протоболгарлардын уногунбурлар же кутригурлар урууларынын ханы; Биринчи Болгар падышачылыгынын алгачкы ханы (681-701). 7-кылымдын ортосунда хазарлардын кысымынан улам Аспарех протоболгар урууларынын айрым бөлүктөрү менен Азов боюнан Түштүк Бессарабияга, андан ары Византиянын бийлиги астындагы Дунайдын оң жээгине журт которууга аргасыз болгон. Аспарех жетектеген протоболгар уруулары Добруджага жана анын айланасындагы аймактарга отурукташып, жергиликтүү жети славян уруусун баш ийдирүү менен бул жакта өзүлөрүнүн мамлекетин негиздешкен. Аспарех Дунай боюнда хазарлар менен болгон согушта курман болгон. 981-жылы Византия империясы Аспарех тун мамлекетин тааныган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1