Ассемблер тили
Ассемблер тили (англ. assembly language), автокод — программалоонун жөнөкөй тили. 1:1 түрүндөгү автокод кеңири таралган, анда тилдин негизги элементи сандуу эсептегич машина (СЭМ) тилине которгондо, өзүнчө командага айланат. СЭМ тутумунда мүмкүн болгон ар кандай программаны 1 :1 түрүндөгү автокоддун жардамы менен түзүүгө болот. 1:1 түрүндөгү автокод менен программалоо СЭМ тилинде программадоого окшош, ыңгайлуу жана ишти үч эсе дээрлик тездетет. Автокодго берилген алгоритм программа-транслятордун жардамы менен СЭМ программасына айландырылат. Автоматтык программалоонун көп тутумунда программалоонун башка тилинен СЭМ кодуна которгондо, автокод орто аралык тилдин милдетин аткарат.
Булактар
түзөтүү- Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.