Ассизи (Assisi) - Италиядагы шаар. Перуджа провинциясында (Умбрия облусу). Калкы 25,8 миң (2005). Перуджа шаарынан түштүк-батышта, дөңсөөдө (бийиктиги 424 м) жайгашкан. Биздин заманга чейинки 7-кылымда Вилланова доорунда пайда болгон. 8-кылымдын аягынан Папа мамлекетине, 12-кылымдын 70-жылынан Ыйык Рим империясына караган. 15-кылымдан бирдиктүү Италия королдугу түзүлгөнгө чейин (1870) Папа мамлекетинин курамында болгон. Шаардын орто кылымдагы көрүнүшү сакталган. Санта-Мария (16-17-кылым), Палаццо Комунале (учурда пинакотека, 1337), Ыйык Франциска монастырь комплекси - базилика (1228) жана башка архитектуралык эстеликтер (чиркөөлөр, монастырлар, чептер) сакталган. 1997-жылдагы жер титирөөдөн базилика катуу талкаланган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Диний зыярат кылуунун эл аралык борбору. Экономикасынын негизин туризм түзөт.

Ассизи

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1