Ассимиляция (тил илиминде)

Ассимиляция (тил илиминде) - жанаша турган үнсүз тыбыштардын артикуляциялык жана акустикалык жактан жасалуу таасири астында бири бирине окшошуу процесси. Мисалы, сөздөгү баштапкы уяң же жумшак үнсүздөрдүн таасиринде кийинки каткалаң үнсүздүн жумшарышы же тескерисинче, каткалаңдатуусу. Окшошуу процессинин негизинде толук жана толук эмес ассимиляция байкалат. Толук ассимиляция - жанаша турган үнсүз тыбыштардын бири-бирине толук айкалып айтылышы (мисалы, «казса» деген сөз «касса» болуп айкашып айтылат). Толук эмес ассимиляция - айрым тыбыштардын ар түрдүүчө айтылып, башкача жазылышы (мисалы, «канга» деген сөз «каңга» болуп айтылат).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1