Астафьев Виктор Петрович

Астафьев Виктор Петрович (1. 5. 1924, Красноярск крайы, Овсянка айылы - 29. 11. 2001, ошол эле жерде) - орус жазуучусу. Балдар үйүндө тарбияланган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1959-61-жылдары Жогорку адабий курста окуган. «Атуул» (1951), «Келерки жазга чейин» (1953), «Ашуу» (1959), Сибирь кыштактары тууралуу курч проблемалуу, терең психологиялык «Уурдоо» (1966), «Койчу жана койчу аял» (1971), «Падыша балык» (1976), балалык жөнүндө автобиографиялык «Акыркы таазим» (1-2-китеп, 197179) аттуу аңгеме жана повесттерди жазган. «Жашоо керек» (1985), «Жайдары жоокер» (1998) повесттеринин жана «Людочка» новелласынын, «Кайгылуу детектив» (1998) романынын, «Өлүмгө наалат» (1-2-китеп, 1992-94) аттуу чыгармалардын автору. Анын чыгармалары Батыш элдеринин тилдерине которулган. СССРдин (1978; 1991) жана РФ мамлекеттик сыйлыгынын (1995; 2003) лауреаты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1