Астероид күнү же Астероиддин эл аралык күнү — Ар жылы, 30-июнда белгиленүүчү майрам. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2016-жылдын 6-декабрындагы резолюциясында майрам деп жарыяланган. Дал ушул датанын майрам катары белгиленишинин себеби - 1908-жылдын ушул күнү Тунгус метеорити Жер планетасы менен кагышып, бул окуя тарыхтагы масштабдуу кырсыктардын катарын толуктаган. Окумуштуулардын пикиринде Күн системасында өлчөмү 1 чакырымдан ашкан 2 миллионго жакын астероид бар болушу мүмкүн. Алардын көбү Марс жана Юпитер планеталарынын ортосундагы уюлда топтолгон. Жер бардык белгилүү болгон астероиддерден чоң болгонуна карабай алар планетабызга чоң коркунуч туудуруп келет. Эгерде Жер планетасы өлчөмү 3 чакырымдан ашкан астероид менен кагышса, цивилизация жок болуп кетиши мүмкүн. Калып:Astronomy-stubКалып:Asteroid-stubКалып:Org-stubКалып:UN-stub

Астероид күнү
Asteroid Day
Түрү

Бүткүл дүйнөлүк

Мааниси

Астероид

Белгилешет

Жер Бардык өлкөлөр ( КЭДР башкасы)

Датасы

30-июнь

Астероид күнү
Asteroid Day
Уикиказынада