Астродинамикa (астро... жана динамика) асман механикасынын бир бөлүмү. Ал космос аппаратынын - Күндүн, планеталардын жасалма жандоочторунун, ошондой эле планеталар аралык станциялардын, жылдыздар аралык зонддордун жана башкалардын кыймыл аракетин үйрөтөт. Астродинамикa «космодинамика», «асман баллистикасы», «космоско учуу механикасы» деп да аталат. Жердин биринчи жасалма жандоочусу учурулгандан кийин (СССР, 1957) тез өнүгө баштаган. Классикалык асман механикасында Ньютондун тартылуу закону боюнча асман нерселеринин өзара тартылышы айтылса, астродинамикaда ага кошумча Жер атмосферасынын каршылыгы, күн нурунун басымы, Жердин магнит талаасы, космос аппараттарынын автоматтык түрдө же болбосо Жерден берилген буйрук боюнча башкарыла тургандыгы эске алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1