Астрономиялык пункт - географиялык координаталары жана бир нерсеге карай багытталган азимуту астрономиялык жол менен (асман жылдыздарына жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде) аныкталган жер бетиндеги чекит. Астрономиялык пункт жер бетинде кирпич же бетондон тургузулган бийиктиги 1 м келген мамылар менен белгиленип, астрологиялык байкоолор ошол чекиттен жүргүзүлөт. КМШ өлкөлөрүндө астрономиялык пункттар астрономиялык аныктоолордун тактыгына карай 4 класска бөлүнөт. I, II класстагы астрономиялык пункт 70-100 км аралыкта болуп, Жердин келбетин жана көлөмүн аныктоо үчүн, III, IV класстагылары ар түрдүү аралыкта жайгаштырылып, жер бетинин топографиялык карталарын түшүрүүдө же геодезиялык кээ бир изилдөөлөрдө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1