Асыл тукум китебитукумдун жылдык белгилерине туура келген мал катталуучу документ; асыл тукум ишин уюштуруудагы мамлекеттик маанилүү иш чара. Китеп айрым чарбаларда ар кайсы мал тукуму боюнча иштеген селекционерлердин ишин чагылдырат. Анда уй, кой, жылкы, эчки жана башкалардын таза тукумдагысы катталат. Ар бир тукум үчүн өзүнчө китеп болуп, элита жана 1-класстын талабына (мал бонитировкалоо нускамасы боюнча) туура келген асыл тукум мал катталат. Анда ошол мал (төл) алынган асыл тукум мал чарбасы жазылып, малга катар номер жана марка берилет.

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1