Ата
Ата - 1) балалуу болгон эркектин сыймыктуу аты. Ата кыргыздарда жакындыкты, туугандыкты да түшүндүрөт. Ата балдарына карата бир нече түргө бөлүнөт: чоң ата - атасынын атасы; тай ата - энесиники; аяш ата - атасынын досу же өзүнүн досунун атасы; киндик ата - бала төрөлгөндө анын киндигин кескен аялдын күйөөсү; өгөй ата - энесинин кийинки күйөөсү; кайын ата - аялынын атасы; өкүл ата, ошондой эле өкүл апа жаңыдан никелешкенде ата-энесинин ж-а өздөрүнүн каалоосу б-ча (айрым жерлерде келинге - күйөөсүнүн туугандарынан, күйөөсүнө келиндин төркүндөрүнөн) дайындалган калыс өкүлдөр; жети ата же ата-баба - чоң атанын атасы буба, бубаныкы - баба, бабаныкы - жото, жотонуку - кубаары, аныкы - жете, жетеники - тек. Андан ары урук, уруу, улут болуп кетет. Кыргызда «жети атасын билбеген - жетесиз кул» деп айтылат ж-а жети ата өтмөйүнчө кыз алышууга тыюу салынат. 2) Жалпы эле улгайган эркекке карата урматтап кайрылуу. 3) Мифтик түшүнүк б-ча үй айбандарынын колдоочусу. Мисалы, Чолпон Ата (койдуку); Камбар Ата (жылкыныкы); Чычаң Ата (эчкиники); Ойсул Ата (төөнүкү); 4) Өнөргө, акылга байланыштуу улуу, сыймыктуу деген мааниде колдонулат. Мисалы, күү атасы Камбаркан; эл атасы - алп Манас; калк атасы - эр Бакай; сын атасы - Толубай; ыр атасы - Токтогул ж. б. 5) Ата мекен - туулуп өскөн жер, ошо эле. Ата конуш же Ата журт – ата бабасы жердеп келген жер.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1