Токтобай Атабаев

Атабаев Токтобай‎»‎ барагынан багытталды)

Атабаев Токтобай (1933, Oш облусу, Өзгөн району, Ак-Жар кыштагы - 2004, Oш шаары) - бургулоочу, геологиялык чалгындоо жумуштарынын устаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Ташкендеги Геологиялык чалгындоо техникумун бүткөн (1973).

1948-жылдан Кыргыз ССР геология башкармалыгынын Түштүк Кыргызстан геология экспедициясында жумушчу, бургулоочу (1950), геологиялык партияда бургулоо жумуштары б-ча участоктун начальниги (1973), Терекан геология чалгындоо партиясынын башкы инженери, начальниги (1975-80), Чаткал геология экспедициясынын башкы инженери (1980-81), Улуу-Тоо геологиялык партиясынын начальниги (1981-90), Түштүк Кыргызстандын геология экспедициясынын начальнигинин чарбалык иштери б-ча орунбасары (1990-95), 1995-жылдан Жылкы базасынын директору болуп иштеген. Кыргызстандагы сымаптын ири кенин чалгындоо жумуштарында чоң ийгиликке жетишкен. Ленин, Октябрь Революциясы, «Ардак белгиси» ордендери м-н сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү