Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
4-сап:
[[Оюн|Оюнга]] жашы 19дан жогорку эркектер катыша алышат. Топтор 2—4 кишиден түзүлөт.
== Оюн өткөрүлүүчү жер ==
* Улакты дарбазага таштай албай аша чаап кеткен учурлардаа (эгерде дарбазанын сыртындагы чийимден өтүп кетпесе) дарбазанын сырты менен аянтка кайрылып, дарбазага улакты кайра таштоого.
Улак тартылыш үчүн жумшак тегиз [[талаа]] же аянт тандалып алынат, аянттын эки жагынан бийик тиги 50—60 см. келген желектер менен дарбаза белгиленет. Дарбазанын кеңдиги 15 метр. Талаанын ,(аянттын) өлчөмү: кеңдиги 100—150 метр, узундугу— 200—300метр. Талаанын ортосунда [[диаметр|диаметри]] 6 метр келген мара жайгашкан. Дарбазанын алдында 2 метр кеңдикте, узундугу 15 метр келген аянтча чийилет. Улакты ушул аянтчанын ичине түшүрүү керек же чиймеге илинип жатууга тийиш. Эгерде улак бул аянтчага жетпей же ашып барып түшсө, калыс тешүүнү токтотуп, улакты дарбазадан 25—30 метр, жерге алып барып таштайт. Анан ышкырыгы менен кайрадан беттешүүнүн башталганын билдирет, 20— 25 метр алыстыкта сызык чийилет, же желекче сайылат. Улакчылар беттешүүнүн жүрүшүндө улак менен ушул сызыкты (желекчеден) өтө чаап кетишсе оюн токтотулат да кайрадан ортодон башталат.
== Оюнду өткөрүүнүн тартиби ==
Дарбазаларды аныктоо [[оюн]] башталардан 1 саат мурда чүчүкулак кармоо аркылуу жүргүзүлөт.<br />
Топтор талаага чыгаардан мурда ага калыс жардамчылар менен ортосуна бастырып барышат да, белги берет (ышкырыгы же желегин көтөрүү менен). Ушул белги боюнча топтор талаага чыгышат да, ар кимиси борбордук айлампадан 7—8 метр аралыкта бир бирине маңдай-тескей болуп тизилишет. Андан кийин бири-бирин куттукташат, ал эми топтордун башчылары болсо өз ара жана калыстар менен кол алышын учурашышат. Ошондон кийин башкы калыстын жардамчылары талаага жөнөшөт, ал эми башкы калыс белгиси боюнча чийимдин ортосуна ар топтон бирден катышуучу келип турушат. Алар жерден улакты илип алар замат кармашууга топтордун калган мүчөлөрү киришет.<br />
'''Ар бир топтун максаты''' — улакты «каршылаш» топтун дарбазасына таштоо жана өз дарбазасына улакты таштатпоо болуп саналат.<br />
Кайсы топ каршылаш топтун дарбазасына улакты канчалык көп таштаса, ошол топ жеңди делип эсептелинет. Бир жолку беттешүүгө 15 минут убакыт берилет. Улактын салмагы 30—40 килограммдын чегинде болууга тийиш. Оюнчулардын каалоосу боюнда улактын оордугун, оюн ойнолуучу убакытты өзгөртсө болот.<br />
=== Улак тартыш боюнча уруксат берилген ыкмалар ===
* [[Оюн]] убагында [[талаа|талаанын]] ичинде каалаган жерден эңип алуу,
* Аны атаандашынан тартып алуу, улакты топтогу өнөгүнө өткөрүү.
* Улакты такымга басуу, ээрге коюу.
* Улакты аттын капталында же алада кармоо.
* Топтогу өнөктөрүнө улакты каршылаш топтун дарбазасына алга барып таштоого жардам көрсөтүү.
* Улакты дарбазага таштай албай аша чаап кеткен учурларда (эгерде дарбазанын сыртындагы чийимден өтүп кетпесе) дарбазанын сырты менен аянтка кайрылып, дарбазага улакты кайра таштоого.
* Оюндун жүрүшүндө ташталган улак дарбазанын аянтчасына түшпөй же чийимге илинбей калса, артынан келе жаткан өнөгү эңип кошумча таштап кетүүсүнө уруксат берилет.
=== Улак тартыш боюнча оюнда тыюу салынган ыкмалар ===
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Улак_тартыш" булагынан алынды