Касым Тыныстанов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
wikiffy some links
No edit summary
1-сап:
'''Касым Тыныстан уулу/Тыныстанов''' ([[1901]], азыркы Ысыккөл району, Чырпыкты кыштагы, - [[1938]]) - [[кыргыз тили|кыргыз тил]] илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер; биринчи кыргыз профессор (1936).

Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу интстутунда окуган.

"Эркин Тоо" гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген.

1927 - 30 жж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары.

1928 жылында "Жаны маданият жолунда" журналды уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон.

1931-37 жж. - Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу; ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу.

Касым Тыныстанов 1938 ж. репрессиялар учурда атылган.

'''К.''' кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.
Line 5 ⟶ 12:
'''К.''' - туңгуч көркөм котормочу. Ал «Интернационалды», И.А.Крыловдун тамсилдерин биринчи жолу кыргызчалаткан. Орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлыры" деген ат менен которуп, кичине китеп кылып чыгарган.
'''К.''' кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе [["Манас"]] эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Карала уулунун айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. "Манас" эпосун орусчага которуу ишине катышкан.

Макала авторлору: [[195.254.160.3]], [[User:Medet| Medet]]

[[en:Kasym Tynystanov]]