Фармакология: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Фармакология''' — [[Дарылар|дарыларды]] жана алардын [[Организм|организмге]] тийгизген таасирин изилдөөчү, жаңы дары каражаттарын издеп табуучу илим. <br />
Фармакологияда дары каражаттарынын организмге тийгизген таасирин изилдөө негизинен жаныбарларга жүргүзүлөт. Анда физиологиялык, биохимиялык, гистологиялык жана башкалар методдор пайдаланылат. Фармакология [[фармацевтика|фармацевтикалык]] химия (дарылардын химиялык түзүлүшү жана химиялык касиеттери жөнүндөгү илим), фармакогнозия ([[өсүмдүк]] жана жаныбардан алынган дары сырьёлору жөнүндөгү илим), [[токсикология]] (уулардын организмге тийгизген таасири жөнүндөгү илим) менен тыгыз байланышта өнүгүүдө. Азыркы фармакологиянын фармакодинамика — дарылардын организмге тийгизген таасирин изилдөөчү; фармакокинетика — дарылардын организмге сиңирилиши, таралышы жөнүндөгү окуу; молекулалык фармакология — дарылардын таасиринен биохимиялык механизмин изилдөөчү; клиникалык фармакология — дарыларды клиникада колдонуу менен изилдеп, баа берүүчү багыттары бар.<br />
|