Эпидемия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
4-сап:
'''Эпидемияга каршы чаралар''' калктуу жерлерди таза суу менен камсыздоо, канализация жүргүзүү, тазалоо, тамак-аш азыктарын даярдоо, ташуу, сактоо жана сатууда санитариялык жана ветеринариялык көзөмөл жана башкалар жалпы алдын алуучу чараларды камтыйт; калктын жугуштуу ооруларга чалдыкпастыгын жогорулатуу чоң мааниге ээ ([[Эмдөө]]). Жугуштуу оору менен биринэкин адамдар ооруй баштаса же эпидемияга айланса ал андан ары таралып кетпес үчүн алдын ала чара көрүү негизги роль ойнойт. Ал үчүн ооруну тез аныктап, оорулууну биринчи күндөн баштап ооруканага же үйдө өзүнчө бөлүп багуу ([[Балдардын жугуштуу оорулары]]) керек. Оорулуу болгон жерлерди (үйдү, балдар мекемелерин жана башкалар) дезинфекциялайт; оорулуу менен байланышкан адамдарга инкубациялык мезгил өткүчө медициналык байкоо (былжырлуу челдерди жана терини текшерүү, дененин температурасын өлчөө жана башкалар) жүргүзүлөт; ошондой эле оорулууну (оорунун анча-мынча белгиси байкалса) жана бактерия таратуучуларды аныктоо үчүн лабораториялык (анын ичинде бактериологиялык) изилдөө жүргүзүлөт. Мындай байкоо мезгилинде үй-бүлөдө балдардын жана чоңдордун саламаттыгына кылдат байкоо жүргүзүлүп, оорунун алгачкы белгиси билинер замат врачка кайрылуу, өздүк гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Айрым ооруларда оорулуу менен жолуккан адамдарга алдын алуу максатында гаммаглобулин, бактериофаг жана башкалар препараттар куюлат.<br />
== Балдардын жугуштуу оорулары ==
Балдардын жугуштуу ооруларында оорулуу менен бирге болгон балдар белгилүү мөөнөткө чейин же лабораториялык жыйынтык чыкмайынча балдар мекемелерине кабыл алынбайт; эгер оорулуу ооруканага жаткырылбаса, анда аны өзүнчө көпкө кармоо керек. [[Кептөөр |Кептөөр]], [[менингит]], ич [[КЕЛТЕ|келте]] менен ооруган балдар мекемелеринин кызматкерлерине текшерүүнүн жыйынтыгы чыкмайынча иштөөгө уруксат берилбейт. Текшерүүдө бактерия таратуучулар аныкталса, алар дарылануудан өтүшөт. Ичеги-карын жугуштуу ооруларынын бактериясын таратуучулар тамак-аш азыктары менен иштесе алар ишке, балдардан табылса балдар мекемелерине барууга тыюу салынат. Балдар мекемелеринен жугуштуу оору чыкса тийиштүү топ карантинге алынып, жаңы балдарды кабыл алууга, балдарды бул топтон башка топко которууга болбойт. Оору кайталанса карантиндин мөөнөтү узартылат. Айрым жугуштуу ооруларда бөлүп багуунун жана карантиндин мөөнөттөрү: кептөөрдө — бактериологиялык текшерүүдөн оору козгогуч табылбай калганга чейин; көк жөтөлдө — 7 жаштан жогорку балдар үчүн 14 күн (эгер ооруканага жатпаса 25 күн), кызылчада — мурда кызылча менен оорубаган, эмделбеген балдарга 17 күн (гаммаглобулин алгандарга 21 күн); [[Менингококк инфекциясы|менингококк инфекциясында]] — бактериологиялык текшерүүдөн козгогуч табылбай калганга чейин; топтогу карантиндин мөөнөтү 10 күн; суу чечекте —7 жашка чейинки мурда оорубаган балдар үчүн 21 күн; [[Паротит|эпидемиялык паротитте]] — ооруй элек 10 жашка чейинки балдар үчүн 21 күн; [[Скарлатина|скарлатинада]] — мектепке чейинки, ошондой эле 1 — 2-класстагы балдар үчүн 7 күн, оорулуу үйдө багылса 17 күн; ангина же скарлатина менен ооруган балдарга жолуккандарды бөлүп багуунун мөөнөтү 22 күн (ангина кармагандан баштап); [[Вирустуу гепатит|вирустук гепатитте]] (Боткин оорусу) карантиндин мөөнөтү 35 күн; бирок гамма-глобулин алган балдар карантин тобуна жиберилет.
 
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Эпидемия" булагынан алынды